Тазабек Саманчин. «Манастын батальону»
Новость

81 жыл мурун Советтер Союзу фашизмди жеңген. Фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрүн жеңүүдө Кыргызстан да зор салым кошкон. 

"Бардыгы жеңиш үчүн" деген ураан менен ооруктагы кыргызстандыктар фронттогу аскерлерге жана баскынчылардан жабыр тарткан калкка эбегейсиз көмөк көрсөткөн. Ошол убакта эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Улуу Жеңишти жакындатууга умтулган. УТРКнын “Маалымат” студиясынын кабарчысы Алмаз Батилов менен философиянын магистри Алтынбек Касымов Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын өзгөчө баалуу басылмаларды сактаган бөлүмүнүн архивинен фронт менен тылдагы абалды чагылдырган маалыматтарды иликтешкен. Алар 1943-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинин материалдарын тизмектешти. Бул гезитте адабиятчы Тазабек Саманчин «Манастын батальону» аттуу макаласын табышкан. Саманчин макаласында кыргызстандык делегация кан майданда гитлерчилерге каршы согушуп жаткан Панфилов дивизиясына барып кездешкени тууралуу маалымат берилген. Аларды казак элинин даңазалуу уулу, чыгаан колбашчы Бауржан Момыш-Улы тосуп алып, дивизиядагы “Манас” аттуу батальондун кыргызстандык аскерлери менен тааныштырганы тууралуу айтылат. Саманчин макаласын экиге бөлүп жазган. Биринчи бөлүгүн сунуштайбыз.

Тазабек Саманчин 

«Манастын батальону»

Биз алдыңкы линия-передовойга жаңы эле келдик. Мындан немецтер километрге жетпеген жерде. Бирок, караганың менен алды жагыңды алтымыш чаттан алыс көрө албайсың. Каланган чийдей калың токой. Токойдон гектардан кенен көк да көрүнбөйт.

Акыйлашкан атышкан түрдүү техникалар. Биздин гаубичный алп замбирек кулак тундура күрсүнсө, немецтин канчыгы (автоматтык замбиреги) каяшалап каңкылдап үрөт. Пулёметтор, автоматтар эки жактан тең зырылдата огун төгөт. Чыңырып учкан миналар. Бул али чыныгы согуш эмес, бул согуштагы тынчтык. Эч кимисиз чабуул койбой беттешип гана жаткан учуру. Айланабыз калың тарсалдак, алды жагыбызда, карыш эле жерде немецтер болсо да, бул жер али анык передовая линия эмес. Гвардеецтер бул жерди тыл деп аташат. Мында печ жагылган блиндаж кепелери, ысык тамак бышып турган асылуу казандары бар. Боецтер, командирлер алдыңкы линиядан мында келип, жуунуп, таранып, кийимдерин кургатып эс алышат. Бел чечип, бой жазып жатып укташат. 

Ал эми жүз метрден, немецтерди көз ирмебей тиктеп, муз төшөнүп, кар жамынып окопто жаткан жерди алдыңкы передовая линия деп аташат. Бул передовойго төрт аяктап жөрмөлөп, бооруң менен сойлоп, казылган кемер жол менен эмгектеп отуруп, анан жетесиң.

Биз келген жер гвардия подполковник Бауржан Момыш улынын бөлүгү.  Подполковник Момыш улынын, каргашага туруштук бербей күн чыгышты бет алып каптап келе жаткан мыкаачылардын каардуу күчүн өз көкүрөгү менен токтоткон солдаттарыбыздын биринен. Ал 8-дивизиянын гвардиясынын шаңдуу туусун Советтер Союзунун Баатыры гвардия генерал-майор Панфилов менен кошо кармап, бирге алган. Аны баатыр генерал өз колу менен атасындай тарбиялап, өзү жеткирелтип өстүргөн. Азыр Момыш улы устатынан кем шилтебей жоо майтарып жүргөн чагы.

Биз гвардия подполковник Момыш улынын штабына бара жатканыбызда шыңга бойлуу, чап жаак, кара сур атчан артыбыздан жете келди. Ал, киши менен тайманбай бет алып учурашып сүйлөшөт. Өз күчүнө, өз ишине ишенгендей чечкиндүү жана курч. Айткан сөзү сын жана мааниси ачык. Душманга чеги жете канбагандай, сурданып кан ичине тартылган. Жоону сүрүп токтотуп, жоо тайманткан, алагар көзүнөн от чагылышып, агы тескери айланат. Аны шамдагай атка жүрүшү, тулпар минип туу кармап, ал сермеген Ала-Тоонун эртедеги айбаттуу арстан жигиттерин элестетет. Подполковник Момыш-улы ушул жигит болуп чыкты.

Бауржан кенчи ташыган кең Сибирди бет алган, алдыда күндөн күнгө өнөр өскөн казактын кең мейкиндиктеги жаткан чалкалаган Ала-Тоонун бир беткейинен кыраан шумкары. Бауржан өзүнүн уялаштарын баштап алып, душманга ылаачындай тийип кыргындуунун ичинде.

Шайдоот автоматчиктердин жер кепе штабы. Бул подполковник Момыш улынын бөлүгүнүн батальондурунун биринен. Подполковник батальондун алы-жайы менен бизди тааныштыра, баштады. 

- Бул батальондун аркы составы негизинен кыргыз жигиттеринен. Кээде аны Манас батальону деп атайбыз, -деп эрингендей жай сүйлөп, сөзүн баштады. Алардын менин колума келгенде баары бирдей ок жебеген, кан көрбөгөн чылгый жаштар эле.-деп подполковник бизди батальондун алы-жайы, каармандык иштери менен тааныштыра баштады.-Бул батальон нече жолу согушка катышты, - деди сөзгө кызый түшкөн подполковник токтой албай.

Бардыгы тең чыныгы эрдиктин, туруктуулуктун, ата журтун чексиз сүйгөндүктүн үлгүсүн көрсөтүштү. Мындай жигиттерди тарбиялап өстүрүп, буларга таянган эл эч убакытта кор болбойт. 

Момыш-улы бул сөзүн айтты да ойлогондой унчукпай алдындагы темир печтин кызарган чогун көпкө тиктейт.  Мында отурган командирлердин эч кимиси ооз ачпайт. Аскер жолу ушундай, улуусу сүйлөбөсө кенжеси кыңк этип үн чыгарбайт.

Батальондун көпчүлүгү башкы охранениеде. Азыр келип калуулары тийиш. Момыш улы мындагылар жыйналсын деп буйрук кылат. 

Подполковник Момыш уулунун оозунан мындай сөз чыгары менен эле, батальондун турган жери тириле келди. Өскөн карагайлар ордунан көчүп, жаткан кар ордунан жылат. Адам деп эч ойуна келбеген жерлерден гвардеецтер чыга келет. Аңгыча болбой, караагайдын арасынан ак жамынчы кийинип кыркаар тартып чубашкан калың аскерлер көрүндү. Алардын аягы үзүлбөйт. Чубаган сап нары жактан, кабактан чыга калып улангандан уланат. 

Башкы охранениеде келе жаткан Манастын батальону мына ушулар. Булар немецтер менен керели-кечке тиктешип жатып, эми гана кайтып келе жатышат. Жоо тарапты каардана карагандагы айбаты алардын жүзүнүн али тарабаган. Ок бирөөнүн этегин алып кеткен, бирөөнүн чекесин жанып кеткен, бирөөнүн каскасы кабырылган. Бирөөнүн таманы сыдырылган. Тактары жаңы, канаган жердин каны али катпаган. Баары бирдей-баштарында каска-болот калпак, мойнуна автомат асылган, граната мөмөдөй белдерине кыдыракей тизилген. Баары токтоо, оор салмактуу, эки жагын кылчайып карап да коюшпайт. Жанында жарылган мина, снаряддар да алардын мындай сабырын көзгөй алгыдай эмес. 

Биз карааны шаңдуу, тобу сүрдүү жигиттер кечеки эле түштүктүн кетменчи, Чүйдүн эгинчи, Тянь-Шандын мал баккан уландары. Алар кетмендерин таштап, колдоруна автомат алышты. Алар жабыркаган боордош элдери көрдү, душмандын чексиз мыкаачылыгын, ырайымсыз ырайын көрдү. Алардын кеги кайнап, намысы ташыды. Согуш, чындап алардын өнөрү болду. Жоо талкалап, жер бошотуп эл куткарган Ала-Тоонун кыраандары мына ушулар. 



2-бөлүк

Тазабек Саманчин 

Манас батальону

81 жыл мурун Советтер Союзу фашизмди жеңген. Фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрүн жеңүүдө Кыргызстан да зор салым кошкон. 

"Бардыгы жеңиш үчүн" деген ураан менен ооруктагы кыргызстандыктар фронттогу аскерлерге жана баскынчылардан жабыр тарткан калкка эбегейсиз көмөк көрсөткөн. Ошол убакта эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Улуу Жеңишти жакындатууга умтулган. УТРКнын “Маалымат” студиясынын кабарчысы Алмаз Батилов менен философиянын магистри Алтынбек Касымов Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын өзгөчө баалуу басылмаларды сактаган бөлүмүнүн архивинен фронт менен тылдагы абалды чагылдырган маалыматтарды иликтешкен. Алар 1943-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинин материалдарын тизмектешти.  Бул гезитте адабиятчы Тазабек Саманчин «Манастын батальону» аттуу макаласын табышкан. Саманчин макаласында кыргызстандык делегация кан майданда гитлерчилерге каршы согушуп жаткан Панфилов дивизиясына барып кездешкени тууралуу маалымат берилген. Аларды казак элинин даңазалуу уулу, чыгаан колбашчы Бауржан Момыш-Улы тосуп алып, дивизиядагы “Манас” аттуу батальондун кыргызстандык аскерлери менен тааныштырганы тууралуу айтылат. Саманчин макаласын экиге бөлүп жазган. Анын макаласынын экинчи бөлүгүн сунуштайбыз.

Алар бизди көргөндө, белегин табыштап, саламын айтып, элдин эрлерине жиберген өкүлдөрүн көргөндө бир нече минута баштагы айбат сүрүнөн ажырай түшөт. Айбат сүрдү жайдары кубаныч сүрүп, ордун ээлейт. Түрү менен сүрдөнткөн эрлердин тобу, эми, колхоз колхоз кырманында учурашчу кара барук, бос кемсел, кичи пейил, сылык сөз берекеде, бейпилде жаткан баякы жайдары балдар болуп көрүнөт. Кош колдоп колдорун сунуп, кучак жайып, көкүрөк ачып учурашып амандашат.

Айлынан атайын келген боордошторун көргөндө алар эли, жерин эскерет. Элинин салтын эскерет. Бир минута болсо да, ал турмуш менен толук жашап калышкысы келет. Жеринде аюу аткан айтылуу мерген, азыр немецтердин офицерлерин текедей терген даңктуу автоматчик снайпер Бөрүбай Кулбаев малдаш токунуп, кардын үстүндө отурат. Жеринде кирпич куйган устасы, азыр немецтерди санап кырган устаты снайпер Мамадалы Мадеминов төргө өткөндөн ийменгендей карагайга жөлөнүп ал турат. Жеринде артист болуп ырдаган, азыр автоматчиктердин тобун баштап душмандын сабына куюндай тийген старшина Токтобай Мергеналиев улууларды ызаат кылгандай автоматтын таянып бир четте сыңар тизелеп олтурат. Жеринде инженер нарком, азыр душмандын тобун бузуп, сабын талкалаган, полктун батареясынын командири старший лейтенант Аалы Жусупов жүүртө басып олтуруп, карагайдын бүчүрүн ушалайт. Жеринде карапайым колхозчу жигит, азыр чыныгы баатыр Батырбеков сержант, эл ортосунан орун тийбегендей мойнун созуп арт жактан карап ал турат.  Майор Амыраев, старший лейтенант Ахметов Айдаркан аксакалдык салт менен төр жакта алар олтурушат.  Баары жайдары, баары жөнөкөй.

Манастын батальону баары мында. Алар жеринин аккан суусун, аска ташын сурашат. Сайган талын, салган тамын, Желаргыдай жүргөн келин, кыргыздай элин сурашат. Ысыктай көлүн, жайлоо-төрүн сүйгөн жарын, суйкайып аткан таңын сурашат. Баарын сурашат. Балапан кушту, балтыр бешик бөбөктү,сазында учкан чүрөктөн өөдө сурашат. Элинде,жеринде болгон ийгиликтерди укканда, алар маңдайы жарылып, жетине албай элине алкаш айтышат.

Белектер тапшырылат. Ар бирден келип белекти ыйыктай кол тийгизбей чебердешип алышат.

Шайдоот жигиттердин тобунан баатыр ефрейтор Кулбай Бөрүбаев бөлүнүп чыгат. Үн жок, сөз жок, жайдары чыккан күлкү да басылат. Алардын катарынан эми сүрү барчындай учуп баштагы калыбына келе түшөт. Жүздөрүнөн кабарган кайра кайраты чачырай баштайт. 

Жаным бирге, күнүм бирге курдаштар! -дейт баатыр ефрейтор Кулбай.-Бул, күндө тийчү паёк эмес, бул белек. Болгондо да жөнөкөй белек эмес, азиз энелердин, касыеттүү аталардын кан майдандагы балдарына самап жиберген даамы. Бул элибиздин тузу, жерибиздин суусу. Артык көргөн жарыбыздын, ардактуу эже-карындаштын сыр менен жиберген белеги. Булар бузулбас анттын даамы, жеңиштин, келечектеги ырыс-таалайдын белги чеги, курдаштар. Эл ишеничин, элдин тузун актайлы! Башты берсе берип, бирок намыс бербеген ата салтын улайлы.

Немец канын ичпеген арабызда кыргыз уулу түк болбойт. Кылчайып жоодон качкан коркоктор кайтайланып күрдөлдүү кыргыз жеринин суусун ичип, тузун татпасын!Касыеттүү ата, азиз энелердин буурул чачын, аксакалын көрбөсүн! Асыл жардын аюча бетин сүйбөсүн!

Кулбайдын бул айткан сөзүн куубаттагандай биздин оор орудиялар үстү-үстүнө күрсүнөт, алыстан “Катюша” күүсүн чертет. Зырылдаган автомат, тынбай жаагын жанган “максим” да үнүн кошот.

Токойлуу жердин күүгүмү, инири да болбойт окшойт. Эмеле жарык эле, чүмкөй койгондой түн түштү.

Асман айды жаңырта атып жаткан калың тарсылдак өчкөн шамдай басылды. Жаныбыздан жалгыз мылтыктын үнү да чыкпайт. Кайдандыр, алыстан анда-санда күркүрөгөн үндөр угулуп, жарыктын шоокуму байкалат. Согуштун шарты азда болсо бизге өнөкөт боло калган экен. Бул Ала-Тоонун арасындагыдай боло калган тынычтык жүрөгүңдү опколжотуп, кандайдыр коркунуч сездирет.

Тымысын арты калың чуу дегендей, бул катуу айкаштын карарган, салгылашуунун белгиси.

Команда берилет. Мында түрүлүп келип турган калың гвардиячылар кар алдына, токой арасына кайыптай сиңип жок болот. Баары өз ордунда. Жакында Манас батальонунун чабуулу башталат.