Бүгүн Бишкек шаарынын түптөлгөнүнө 148 жыл толду. Маалыматка ылайык, 1878-жылдын 29-апрелинде Кокон чебинин ордунда Пишпек шаары негизделип, уезддин борбору катары бекитилген.
Убакыттын өтүшү менен шаар бир нече тарыхый өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Алгач Пишпек деп аталган калаа кийин Фрунзе деп өзгөртүлүп, ал эми эгемендүүлүк мезгилинен кийин азыркы аталышы - Бишкек деп бекитилген.
Бүгүнкү күндө Бишкек өлкөнүн башкы саясий, экономикалык жана маданий борбору катары өнүгүп келе жатат. Шаар өзүнүн тарыхый мурастары жана заманбап өнүгүүсү менен айырмаланат.