Транспорт министрлиги: Бишкекте жасалма интеллект менен жабдылган жол чырактар орнотулду
Новость

Бишкек шаарындагы Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде жол кыймылын жөнгө салуучу башкаруу системасы жана жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган 27 жол чырактар орнотулду. Жаңы система жол кыймылынын абалына жараша светофордун иштөө режимин өзгөртүп, унаа агымын талдап жана тыгындарды азайтууга багытталган.

Маалыматка караганда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн 4 камера-детектор, унаалардын санын аныктоочу 4 лидар түзмөгү жана убакытты артка саноочу 4 электрондук табло коюлду. Мындан тышкары, кесилиштин түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш багыттарына төрт LED-экран коюлду. Алар электрондук жол белгилеринин милдетин аткарып, тилкелердеги кыймыл багыты өзгөргөн учурда айдоочуларга тиешелүү маалыматты көрсөтөт.

"Унаалардын агымына жараша жол чырактардын иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртөт. Мисалы, солго бурулуучу тилкеде унаалар көбөйүп, тыгын пайда болсо, жасалма интеллект кошумча тилкени да ушул багытка буруу чечимин кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.