Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторинг жүргүзүү аркылуу аныкталган кенемтелерди, карама-каршылыктарды четтетүү, илимий иштин жана илимий уюмдарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын финансылык автономиясын кеңейтүү, илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана илимий иш системасын реформалоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 135 «Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүлүүдө:
1) «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына:
− «илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо», «жетектөөчү окумуштуу», «илимий мектеп», «жарыялоо активдүүлүгү» деген түшүнүктөр менен толуктоо;
− Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын статусун тактоо;
− илимий жана илимий-техникалык уюмдарга келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу белгилүү акы төлөнүүчү кызматтарга жана жумуштарга тарифтерди өз алдынча түзүү жана белгилөө боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү;
− илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоону киргизүү;
− илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктоо;
− жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына атайын каражаттардын кеминде үч пайызын билим берүү уюмунун ичинде илимди өнүктүрүүгө бөлүү милдетин белгилөө;
− илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону ишке ашыруу, окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу менен толуктоо;
− көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизанын максаттарын конкреттештирүү;
− илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун формаларын деталдаштыруу;
− илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттарын төмөнкүлөр менен толуктоо:
илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын карамагында турган илимийжана илимий-техникалык уюмдарды базалыккаржылоо;
илимий жана илимий-техникалыкпрограммаларга жана долбоорлорго көзкарандысыз илимий жана илимий-техникалыкэкспертиза жүргүзүү;
2) «Улуттук илимдер академиясы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы:
− өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен тиешелүү наамы же илимий даражасы жок Кыргыз Республикасынын жаранын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти кылып дайындоо;
− тарифтери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан өз алдынча түзүлгөн жана белгиленген, келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу, акы төлөнүүчү кызматтардын жана жумуштардын түрлөрүн тактоо.