Президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундарынын кайрылууларын укту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун эли менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө байланышкан кеңири чөйрөдөгү маселелерди көтөрүштү. 

Тактап айтканда, жаштарды тарбиялоо, турак жайларды менчиктештирүү, ипотекалык турак жай берүү жана жарандарга материалдык жардам көрсөтүү, унаа кыймылы жыш болгон жолдорго жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, мүлк талаштарын чечүү, туризмди өнүктүрүү маселелери айтылды. 

Мындан тышкары, жашоочулар алимент төлөө маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана балчыларды колдоо өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Ошону менен бирге укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жана керектүү документтерди тариздөө маселелери көтөрүлдү. 

Бир катар кайрылуулар соттолгондорго, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс колдонуу мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү болду. 

Мындан улам Мамлекет башчысы ата-энелерди балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууга жана аларды баңги бизнесине аралашуудан сактоого чакырды. 

Президент көп учурда студенттер жана жашы жете электер “оңой акча” табуунун азгырыгына алдырып, сатып алуучуларга кийин өткөрүп берүү үчүн баңгизаттарды жашыруун жайларга катып, “закладчик” деп аталган ыкма менен синтетикалык баңгизаттарды таратып жатышканын айтты. 

Садыр Жапаров баса белгилегендей, бүгүнкү күндө мындай укук бузуулар көп сандаган видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен ыкчам аныкталууда. 

Жарандарды уккан соң Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууларды карап чыгып, мыйзамдардын алкагында адилеттүү чечилишине көмөк көрсөтүүнү тапшырды.