Курулуш министрлиги тарабынан борбор калаанын Гагарин көчөсү, 166 дарегинде 1200 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды.
Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда имараттын ичин тазалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп заманбап үлгүдө курулган. Анда негизги предметтер боюнча окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана эл аралык стандарттарга жооп берген спорт зал каралган. Мектептин жалпы аянты 5580 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги тарабынан 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Алардын ичинен жаңы окуу жылынын башталышы менен 10 мектеп пайдаланууга берилген.