Ош: Өнөр жай ишканаларын курган компания өкүлдөрү менен жыйын өттү
Новость

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан аймактардагы курулуш объектилерине көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу багытындагы иштер жүргүзүлүүдө. Анын негизинде Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы өнөр жай ишканаларын куруп жаткан компания өкүлдөрү жана инвесторлор менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жыйынга “Алайасфальтсервис”, “Алай Гидро”, “Восточные строительные материалы”, “Завод Аккумуляторов Лифан” жана “Син-Шень KG”ишканаларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө өнөр жай объекттеринде аныкталган мыйзам бузууларды өз убагында жоюу, курулуш иштерин бекитилген долбоорлорго жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү жана техникалык документтерди белгиленген тартипте тариздөө маселелери талкууланды.

Ишканалардын өкүлдөрүнө курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо, долбоордук документтерден четтөөгө жол бербөө жана объекттерди курууда мыйзамда белгиленген талаптарды толук аткаруу зарылдыгы түшүндүрүлдү.