Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 29-апрелде, билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кол коюлган эки тараптуу документтер:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Того Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Того Республикасынын Айыл чарба, балык уулоо, мал чарба жана азык-түлүк коопсуздугу министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Того Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Того Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.





