Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо иштери 26,8% аткарылды
Новость

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо иштери уланууда. Долбоор Кытайдын CNEEC компаниясы тарабынан ишке ашырылып, объектте 113 адис иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда иштердин жалпы аткарылышы 26,8%ды түзөт. №1 агрегатта статор жыйналып, түтүктөр орнотулууда жана тазалоо иштери жүрүүдө. №2 агрегатта түтүктөр, муздаткычтар орнотулуп, кошумча даярдоо жана монтаж иштер аткарылууда.

№1 трансформаторду алмаштыруу 47,8%га бүткөрүлүп, кабелдерди тартуу жана жабдууларды орнотуу уланууда. Гидромеханикалык иштер да этап менен жүрүп жатат.

Модернизациянын натыйжасында станциянын кубаттуулугу 198 МВтка жеткен. №1 жана №2 агрегаттар жаңылангандан кийин ал 216 МВтка чейин өсөт.