Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Нинбо шаарында өткөн ШКУнун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү” форумуна катышты.
Ал Кыргызстан “жашыл” өнүгүү багытын артыкчылыктуу деп эсептей турганын белгилеп, экологиялык туруктуулук экономикалык өсүштүн негизи экенин айтты.
Сапардын жүрүшүндө Шен Юэюэ менен жолугушуу өтүп, кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгү жана ШКУ алкагындагы кызматташтык талкууланды.
Мындан тышкары, Нинбо жана Вэнчжоу шаарларында бизнес-форумдар уюштурулуп, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.


