Кыргыз дипломатиясынын чоң жеңиши. Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" агенттигине берген маеги
Новость

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө 142 мамлекеттин колдоосу менен тарыхый жеңишке жетишти. “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго бул ийгиликтин артында кандай дипломатиялык аракеттер турганын, Борбор Азиядагы чек ара маселелеринин чечилиши дүйнөлүк коомчулуктун ишеничине кантип таасир эткендиги тууралуу суроолор менен кайрылды.

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич? Кечээ Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө 191 мамлекеттин 142синин добушун алып өттү. Муну көпчүлүк тарыхый окуя деп сыпатташууда.

Буга чейин 2011-жылы да аракет болуп, бирок анда дүйнө мамлекеттери Кыргызстанды колдобой, Пакистанга колдоо көрсөткөн.

Бул тарыхый ийгиликке жетүү үчүн Кыргызстан кандай жолду басып өттү жана негизги иштер эмнеден башталды?

Ачыгын айтсам, биз эки жыл мурда алдын ала эле дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен иштеп баштаганбыз.

Мына ошол ишибиздин натыйжасында жеңишке жеттик.

Учурдан пайдаланып бизди колдогон өлкөлөрдүн лидерлерине, дипломаттарына дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем.

Шайлоо өнөктүгү учурунда кандай кыйынчылыктар, атаандаштык же күмөн саноолор болду? Кыргызстан бул тоскоолдуктарды кантип жеңе алды?

Албетте, шайлоо деген шайлоо. Кыйынчылыктар сөзсүз болот. Себеби добуш берүү жашыруун өтөт. “Макул, силерди колдойм” деп коюп деле кабинага киргенде башкага добуш берип койсо, кайдан билесиң.

Бирок буга карабай биздин дипломаттар катуу иштешти. Башында күмөн саноолор болгон. Бирок жакынкы 5-6 ай калганда өтөрүбүзгө көзүм жетти.

— Соңку жылдары Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салууда негизги демилгечилердин бири болуп, Борбор Азияда туруктуу тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөөгө олуттуу салым кошту.

Бул фактор БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо канчалык роль ойноду?

Өтө чоң роль ойноду. Илгертен бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесин чечкенибиз көпчүлүк өлкөлөр жана БУУ үчүн күтүүсүз болду.

Себеби башка аймактарда жер талашып, жаңжалдар чыгып, ачарчылык каптап, адамдар кырылып жатат. Дүйнөнүн жарымында согуш болуп жатат.

БУУ Борбор Азияда деле жер талаш маселеси улана берет деп ойлогон.

Бирок биз баарыбыз биригип, сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алдык. Муну бүт дүйнө көрдү. Ошондуктан бул фактор дагы жогорку роль ойноду десем болот.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүгүндө кайсы артыкчылыктарды жана демилгелерди алдыга жылдырууну көздөйт?

Өлкөбүз дүйнөлүк коомчулукка кандай күн тартибин сунуштайт?

Мен ушул жылдын февраль айында эле өтөрүбүзгө көзүм жетип, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип экөөнө катуу тапшырма бергем.

"Биз июнь айында БУУнун Коопсуздук кеңешине өтөбүз. Ошондуктан сентябрь айында БУУга барганда БУУнун Уставын, комитеттердин жоболорун түп-тамырынан өзгөртөлү, заман талабына ылайык келтирели, БУУнун кадыр-баркын жогорку деңгээлге чыгаралы деген сунуш киргизебиз.

Ошондуктан азыртан баштап өзгөртүү, толуктоолорду карап чыккыла" деп тапшырма бергем.

Андан бери дипломаттык корпус ошол тапшырманын үстүндө иштеп жатышат.

Кудай буюрса, сентябрь айында БУУга барганда абдан катуу, татаал сунуштарды беребиз. БУУнун авторитетин жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. БУУнун чечимдери дегенде, мейли кайсы мамлекет болбосун, так аткаргандай болушу керек.

Болбосо БУУда алты комитет болсо, бешөөнүн чечимдерин эч ким деле тоготпой калды.

Көбүнчө Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылып келе жатат.

Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек.

Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек.

Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот.

Садыр Нургожоевич, 142 мамлекеттин колдоосуна ээ болуу Кыргызстанга болгон эл аралык ишенимдин жогорку көрсөткүчү болгону талашсыз.

Бул ишеним өлкөдөгү адам укуктары, сөз эркиндиги, мыйзамдуулук жана жарандардын укуктарын коргоо маселелеринде мамлекетке кандай жаңы жоопкерчиликтерди жүктөйт?

Бизде адам укуктары сакталган жана сактала берет. Сөз эркиндиги бар жана мындан ары да болот. Бирок бир гана нерсени – бирөөгө жалган жалаа жаппа, жалган сүйлөбө, бийлик бутактарын фактылар жок каралаба, улуттар аралык кастыкка чакырба, регион-регион кылып бөлбө жана ушул сыяктуу талаптарды коюп келе жатабыз.

Биз 30 жылдан бери сөз эркиндиги десе эле жалаң ушактар, куру сөздөр менен алек болуп көнүп алганбыз да. Мурда мындайларга көңүл бурулбай, жалаң саясат менен эле жашап келгенбиз. Азыр болсо жогорудагы маселелер боюнча бир далай мыйзамдар кабыл алынды. Алар иштеп жатат. Кыйкырчак-бакырчактарыбыз акырындык менен мыйзамга көнүп келе жатышат. НПОчулар деле мыйзам талаптарына баш ийип калышты.

Мурда элибиздин менталитетине, үрп-адатына туура келбеген нерселерди түртмөлөп, жөө жүрүштөрдү жасап, митинг кылып көчөдө эле жүрүшчү эле. Азыр баары мыйзам талаасына түшүп, мыйзам үстөмдүгүн сыйлоо менен жашап жатабыз.

Бийлик тараптан кандайдыр бир кемчиликтер болсо далилдер менен айтып чыккандарга “жашыл чырак”.

Коррупция, уурулуктар болсо ким болбосун айта беришсин. Андай жарандар мага жардам гана берген болот.

Биз мамлекетке, элге зыян келтиргендерди аябайбыз. Муну элдин баары эле көрүп турбайбы.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев.