Президент Садыр Жапаров Азия, Америка жана Европаны карай созулган интенсивдүү эл аралык сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарыялады.
Билдирүүнүн тексти:
"Президент Садыр Жапаров Нью-Йорктон Бишкекке келди. Достор, сиздер менен бир кызыктуу факты менен бөлүшөйүн.
15-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин Мамлекет башчыбыз Корея менен Америкада жалпысынан сегиз күндүк иш сапарда болсо анын 32 саатын самолетто жашады.
“№1 борт” Бишкек-Сеул-Аляска-Солт-Лейк Сити (Юта штаты)-Нью-Йорк-Шаннон (Ирландия)-Бишкек каттамы менен учуп жер шарын толук айланып келди.
Сегиз күндө - үч континент.
Кореяда Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен болуп эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү, биринчи Корея-Борбор Азия саммитине катышты.
Американын Ютанын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, штаттагы лыжа курортун кеңейтүү долбоору жана Олимпиадалык парк менен таанышып, тоо туризмин жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү тажрыйбасын көрдү.
Ал эми Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебатында сөз сүйлөп, эл аралык маанилүү багыттар боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.
Ошондой эле америкалык ири бизнес жана каржы түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен да бир катар жолугушуулар өттү. БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду", - деп айтылат билдирүүдө.