24-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоосун дайындоо жөнүндө" токтом долбоорун кабыл алышты.
Ага ылайык өлкө башчысын шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалды. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоо күнү аптанын шаршемби күнүнө туш келгендигин себебин түшүндүрдү.
"Шайлоочулардын катышуусун көбөйтөлү деп атайын жумушчу күнгө - шаршембиге белгиледик. Эл көп келсе ар кандай коррупциялык схемаларга бөгөт коюлат. Жумушчу күнү ким келип шайлоого катышса ошол күндөгү маянасы сакталат. Бирок барбай калса, эмгек акысы эсептелбейт", - деди төрага.