Шанхай: Асманга умтулган шаар
Новость

Байыркы Бээжин менен таанышкандан кийин биздин пресс-тур Шанхайда - Кытайдын эң ири финансылык борборунда жана дүйнөдөгү эң заманбап мегаполистердин биринде уланды. Шаардын аталышынын өзү эле (上海) Хуанпу дарыясынын куйгучунда, анын суулары Чыгыш Кытай деңизи менен кошулган жерде жайгашканын чагылдырып, "деңиз үстүндө" же "деңизде" деп которулат.

Миң жылдан ашык убакыт мурда пайда болгон чакан балыкчылар айылынан Шанхай дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бирине айланды. XIX кылымда эл аралык соода үчүн ачылгандан кийин аны "Чыгыш Парижи" деп аташкан, ал эми 1921-жылы дал ушул жерде Кытай Коммунисттик партиясынын I съезди өткөн.

Бул шаарды башка бир дагы шаар менен салыштыруу мүмкүн эмес. Мында футуристтик заңгыраган заманбап имараттар асмандагы булуттарга чейин созулуп, ал эми алардын жанында байыркы бакчалар, храмдар жана европалык архитектурадагы имараттар кылдаттык менен сакталып турат. Шанхайда эң биринчи таң калтырган нерсе - анын масштабы. Бул шаар эч качан уктабагандай сезилет. Автоунаалардын агымы, көп деңгээлдүү магистралдар, ондогон заңгыраган бийик имараттар жана адамдардын чексиз агымы тынымсыз кыймылдын сезимин жаратат. Бирок мындай ыргакта да Шанхай башаламан көрүнбөйт - бардыгы кемчиликсиз жөнгө салынган механизмдей иштейт.

IMG_2294.JPEG 2.91 MB

Инновациялар жана транспорттук рекорддор

Соңку технологиялардын күнүмдүк турмуштун бир бөлүгүнө канчалык табигый түрдө айланганы өзгөчө таң калтырат. Электромобилдер, санариптик кызматтар жана учкучсуз башкарылуучу системалар бул жерде көнүмүш чындык катары кабыл алынат. Дал Шанхайда магниттик жаздыкчадагы поезддин дүйнөдөгү биринчи коммерциялык линиясы - Маглев иштейт. Ал саатына 300 чакырымга чейин ылдамдап, Пудун аэропортуна чейинки 30 чакырымга жуук аралыкты баары биригип сегиз гана мүнөттө басып өтөт. Дүйнөдөгү эң узун Шанхай метросу да андан кем эмес таң калтырат. Ошол эле учурда толугу менен автоматташтырылган линиялардын жанында 1914-жылдан бери иштеп келе жаткан дүйнөдөгү эң эски троллейбус системасы ишин улантууда. Бул жерде инновациялар тарыхты сүрүп чыгарбастан, аны менен гармониялуу жана катар жашап келет.

Билим оазиси жана "шанхай тыйын чычканы"

Эң жаркын таасирлердин бири - Чыгыш Кытай педагогикалык университетинин Эл аралык кытай dili жана маданияты институтуна баруу болду. Мында алтымыш жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн чар тарабынан келген чет өлкөлүк студенттер билим алышат. Университеттин аймагы ажайып паркты эске салат: тунук каналдар, чакан көлмөлөр, байыркы көпүрөлөр, кылым карыткан дарактар, гүлдөгөн өсүмдүктөр жана ачык түстөгү кой балыктары (карп) толук бейпилдик атмосферасын түзөт. Ар тараптан канаттуулардын сайраганы жана жашоомдо биринчи жолу угушум болгон цикадалардын катуу чырылдаганы угулуп турат. Тарыхый имараттар менен заманбап корпустардын ортосунда студенттер электроскутерлер жана велосипеддер менен дабышсыз өтүп, ал эми аллеяларда кызыккан тыйын чычкандар чуркап жүрүшөт. Алардын бири мени ушунчалык суктандыргандыктан, мен аны оюмда "шанхайдын тыйын чычкан" деп атап алдым.

Институт өзүнүн сулуулугу менен гана эмес, бай тарыхы менен да таң калтырды. Бул жерде дүйнөнүн чар тарабынан келген он миңдеген студенттер билим алышкан. Көбү дипломат, окутуучу, котормочу, окумуштуу жана мамлекеттик ишмер болуп чыгышкан. Бүтүрүүчүлөрдүн үй-бүлөлүк династияларына арналган экспозиция өзгөчө таасир калтырды, ал жерде ата-энелердин сүрөттөрүнүн жанында ушул университетте билимин уланткан балдарынын сүрөттөрү жайгаштырылган. Окутуучулардын арасында өзүбүздүн мекендешибиз - Кыргызстандан келген илимдин доктору да эмгектенерин билүү өзгөчө жагымдуу болду. Мындай окуялар илим менен билимде мамлекеттик чек аралар жок экенин дагы бир жолу далилдейт.

IMG_2293.JPEG 2.84 MB

Мезгилдер контрасты

1559-жылы Мин династиясынын чиновниги Пань Юньдуань тарабынан карыган ата-энесине белек катары түзүлгөн Юйюань бакчасы эски Шанхайдын чыныгы бермети катары калууда. Дээрлик беш кылым өткөндөн кийин да бул жашыл оазис эбегейсиз мегаполистин ортосунда бейпилдик сезимин тартуулап келет. Көркөм павильондор, ийри-буйру көпүрөлөр, кооз таш композициялары жана ачык түстөгү кой балыктары бар пруттар конокторду башка доорго алып баргандай болот.

Шаарда сейилдеп жүрүп, анын көп улуттуу өткөн тарыхын айкын байкайсың. Атактуу Вайтань (Бунд) жээгинде мурдагы чет элдик концессиялардын заңгыраган имараттары Хуанпу дарыясынын аркы өйүзүндөгү Пудундун ультразаманбап асман тиреген имараттарын карап турат. Дал ушул жакта ынгайлуу көчөлөрү, платандары жана европалык архитектурасы бар Француз кварталы жайгашкан, мында тарых Кытайдын заманбап турмушу менен таң калыштуу түрдө чырмалышып турат.

Баса, дал кытайлык деңиз уламыштары «Кариб деңизинин каракчылары: Дүйнөнүн чегинде» тасмасынын жаратуучуларына дем берген. Фильмдеги эң жаркын каармандардын бири - атактуу актер Чоу Юньфат ойногон каракчы Сао Фэн кытайлык деңиз каракчылары жөнүндөгү уламыштардын негизинде жаралган. Шанхайдын эски кварталдарында сейилдегенден кийин бир нече кылым мурда бул сууларда соода кемелери жана каракчылык джонкалар сүзүп жүргөнүн эрксизден элестетесиң.

Ажыдаарлардан дем алган архитектура

"Чыгыш берметиЦ телемунарасынын көрүү аянтчасынан таптакыр башкача Шанхай ачылат. Айнек пол адегенде нервдер үчүн чыныгы сыноодой көрүнөт, бирок бир нече мүнөттөн кийин эле коркунуч эбегейсиз шаардын панорамасына болгон суктануу менен алмашат.

Кытайдагы эң бийик жана дүйнөдөгү бийиктиги боюнча үчүнчү орунда турган Шанхай мунарасы да андан кем эмес суктанууну жаратат. Анын спираль сымал конструкциясы 120 градуска буралган, бул шамалдын жүктөмүн бир топ азайтууга мүмкүндүк берет. Ичинде жамгыр суусун чогултуучу системалар жана шамал турбиналары иштейт, ал эми ылдам жүрүүчү лифт келген конокторду саналуу гана секунддарда башыңды айланткан бийиктикке көтөрөт.

Экскурсия учурунда гид кызыктуу деталды айтып берди: көптөгөн заңгыраган бийик имараттарды долбоорлоодо архитекторлор күчтүн, акылмандыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн символу болгон ажыдаардын образынан дем алышкан. Мунаралардын спираль сымал формалары мифтик жандыктын ийилчээк денесин, ал эми айнек фасаддары - анын жаркыраган кабырчыгын эске салат.

IMG_2295.JPEG 3.65 MB

Түнү жанданга шаар

Шанхай өзүнүн адаттан тыш каада-салттары менен да таң калтырат. Ишемби-жекшемби күндөрү Элдик паркта атактуу "нике базары" өтөт, анда ата-энелер бойго жеткен балдарына татыктуу түгөй табуу үмүтү менен алардын анкеталарын жайгаштырышат.

Жаңы бышырылган деңиз азыктары, балык жана соустар менен татымалдардын кылдат айкалышынан жасалган даамдары менен таанымал болгон жергиликтүү ашкана да кем эмес кызыктуу.

Шаар менен таанышуубуздун чыныгы жыйынтыктоочу бөлүгү Хуанпу дарыясындагы кечки круиз болду. Шанхайга күүгүм киргенде, мегаполис миллиондогон оттор менен жанып чыгат. "Чыгыш бермети", Шанхай мунарасы жана ондогон асман тиреген имараттар сууда чагылышып, дарыяны жаркыраган жарык тилкесине айландырат.

Теплоходдун палубасында туруп, мен Шанхайды түшүнүү мүмкүн эмес - аны бир гана туюу мүмкүн деген ойго келдим. Жана да заңгыраган имараттардын рекорддук бийиктигине караганда, бул шаар көп кылымдык тарыхка болгон урмат-сыйды келечекке болгон укмуштуудай умтулуу менен кантип бириктире алганы кыйла күчтүү таасир калтырат.

Шанхай жөн гана асманга умтулбайт. Ал эртеңки келечекке кадам таштайт.

Автор София Березовская