Бонн шаарында (ГФР) БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) - SB64 алкагында көмөкчү органдардын 64-сессиясы өз ишин баштап, ага дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн келген делегаттар катышууда.
Иш-чаранын максаты – климаттык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз түзүү жана Анталия шаарында (Түркия) өтө турган COP31 климаттык саммитине даярдык көрүү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы сессиянын ишине активдүү катышууда.
Динара Кемелова Тоолуу өлкөлөрдүн тобун түзгөн 11 мамлекеттин атынан Тоолуу өлкөлөр тобунун төрайымы катары пленардык жыйында сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнө эң көп дуушар болгон тоолуу мамлекеттердин климаттык каржылоого, заманбап технологияларга жана жаратылыш кырсыктарын алдын ала божомолдоочу эрте эскертүү системаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө чакырды.
Ал тоолуу аймактар глобалдык туруктуулукту камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, алардын суу коопсуздугуна, биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына, азык-түлүк системаларынын туруктуулугуна жана энергетика тармагына тийгизген таасири тоолуу өлкөлөр үчүн гана эмес, төмөнкү агымда жайгашкан мамлекеттер үчүн да чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Ошондой эле Тоолуу өлкөлөр тобу бардык делегацияларды 12-июнда Бонн шаарында өтө турган тоолуу аймактар жана климаттын өзгөрүшү боюнча Эл аралык диалогго активдүү катышууга чакырып, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгуу максатында бул диалогду жыл сайын өткөрүү демилгесин колдоого үндөдү.
Бонн конференциясынын алкагында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Аткаруучу катчысы Саймон Стилл, Конвенциянын көмөкчү органдарынын жетекчилери, ошондой эле COP31 конференциясынын төрагалыгын аткара турган Түркия жана Австралиянын өкүлдөрү менен көп тараптуу консультациялар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эл аралык климаттык процесстерде тоо маселелерин күн тартибинде илгерилетүү жолдорун талкуулашып, мөңгүлөрдүн эриши жана криосферанын деградациясы менен байланышкан көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле суу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана тоолуу аймактардагы калктын туруктуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.
Мөңгүлөр жана криосферага арналган тематикалык иш-чарада Динара Кемелова Кыргызстандын мөңгүлөрдү коргоо боюнча эл аралык демилгелери тууралуу айтып берип, гляциолог адистерди даярдоо жана мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Иш-чарада эл аралык эксперттер мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу ар кандай сценарийлерди сунушташты. Анын ичинде эгерде 2100-жылга чейин дүйнөдөгү орточо температура 2,7°Сге жогоруласа, толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн болгон Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсүн мисал келтиришти.
Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы тоо экосистемаларынын жана тоолуу жамааттардын көйгөйлөрүн глобалдык климаттык процесстердин күн тартибине киргизүү, ошондой эле бул багыттагы демилгелерди каржылоо боюнча кеңири эл аралык колдоого ээ болуу максатында башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын делегация жетекчилери менен активдүү эки тараптуу консультацияларды өткөрүүдө.
Маалымат үчүн: Глобалдык климат боюнча сүйлөшүүлөр процессинин алкагында 31 расмий иш-чара, ошондой эле каржылоо, адаптация, адилеттүү энергетикалык өтүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, технологияларды өткөрүп берүү жана башка багыттар боюнча бир катар сүйлөшүү сессиялары жана чечимдерди кабыл алуу процесстери пландаштырылган.

