Граждандык кодекске банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин колдонууну караган өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин колдонууну караган ченемдерин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Тактап айтканда, мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– мурабаха бүтүмдөрүндө менчик укугун түздөн-түз кардарга тариздөөгө уруксат берүү;

– азайып бараткан мушараканын аныктамасын мүлктү биргелешип сатып алуунун формасы катары кеңейтүү;

– мыйзам алдындагы актылар аркылуу исламдык финансылык инструменттердин тизмесин толуктоо мүмкүнчүлүгүн берүү.

Эскертүү:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) токтому менен бекитилген Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибине ылайык, мурабах бул кардардын билдирмеси боюнча банк тарабынан сатылып алынган же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган активди (товарды) бөлүп төлөө шартында сатуу деп түшүндүрүлөт.

Мында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине 73816-статьясына ылайык шарика/мушарака келишими деп эки же андан көп тараптардын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө келишим түшүнүлөт, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика/мушарака келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгашаларды ар бир өнөктөш бул компаниянын жалпы капиталындагы өз салымына ылайык тартат.