Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Саламатсыздарбы, Тогуз-Торо районунун урматтуу тургундары!
Ардактуу аксакалдар, кадырлуу Түркиядан келген меймандар!
Бүгүн биз Нарын дайрасынын боюнда, Теңир-Тоонун койнунда жайгашкан алтын чөйчөк Тогуз-Торо жергесинде мамлекетибиздин тарыхындагы кезектеги дагы бир маанилүү окуяга күбө болуп турабыз.
Бир саамдан соң эң ири энергетикалык долбоорлордун бири “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушуна старт беребиз.
Өзүңүздөргө маалым, Нарын дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалы совет доорунда эле изилденген.
Ошондо эле Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясында курула турган ири гидроэнергетикалык объектилердин бири катары каралган.
Эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардан улам долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болбой келген.
Бүгүн биз мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жаатындагы иш-аракеттерибиздин бири катары дал ушул “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушун баштоо үчүн мезгил кутусун салабыз.
Ал жөн гана каалоо-тилектер эмес, ал биздин элибиздин үмүтү жана келечек муунга калтырган аманаты болуп саналат.
Ушундан улам, баарыңыздарды “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушунун башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Кадырлуу Тогуз-Торолуктар!
Тогуз-Торо – тарыхы терең, кен байлыктарга тунган улуу жер.
Кезинде ата-бабаларыбыз Тогуз-Тородой кыргыздын керемет жерлерин сактап, мамлекеттин пайдубалын бекемдесе, бүгүн биз анын экономикалык кубатын арттырып, энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга умтулуп жатабыз.
Бүгүн ошол кылымдар бою тоолуу аймактарды байланыштырган Тогуз-Торо аймагы жаңы өнүгүү баскычына кадам таштап жатат.
Биз бул аймакты келечекте Кыргызстандын өнүккөн райондорунун бири катары көрөбүз.
Кудай буюрса, “Казарман ГЭСтер” каскады, өлкөбүздө курулуп жаткан Макмал аркылуу өтчү эл аралык Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, ошондой эле Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот.
Тогуз-Торо району Кыргызстандын өнөр жай тарыхында дагы өзгөчө орунду ээлейт.
Бул жерде жайгашкан Макмал алтын кени эгемен мамлекетибиздин калыптануу мезгилинде өлкө экономикасына чоң салым кошкон.
Бүгүн геологиялык чалгындоо иштери кайрадан жүргүзүлүп, жаңы алтын запастарын аныктоо боюнча иштер уланууда.
Бул райондун өнүгүшүнө сөзсүз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан чоң өзгөрүүлөрдүн жолуна түштү.
800 млрд сом менен өткөрүп алган ички дүң продукциябыз азыр 2 трлнду басып отурат.
Биз элдин байлыгы элге кызмат кылышы керек деген принципти иш жүзүнө ашырдык.
Эгерде 2020-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 250 миллиард сомдун айланасында болсо, бүгүн ал 1 триллион сомдон ашты.
Алдыда мындан да жогорку деңгээлге жеткиребиз.
Мамлекетибиз мурункуга салыштырмалуу бир нече эсеге көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп жатат.
Мунун натыйжасында өлкө боюнча жүздөгөн мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт комплекстери жана башка социалдык объектилер курулуп жатат.
Миңдеген чакырым жолдор оңдолуп, жаңы ирригациялык объектилер пайдаланууга берилүүдө.
Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана социалдык тармак кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайыздап жогорулады.
Пенсиялар менен жөлөкпулдар көбөйтүлдү.
Бул жетишкендиктер – кыргызстандыктардын жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү.
Кадырлуу калайык-калк!
Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстарга бай мамлекет.
Бүгүнкү күндө биз ушул байлыкты өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кызмат кылдыруучу жаңы доордун босогосунда турабыз.
Айрыкча, жылына жүздөп ачылып жаткан өнөр жай ишканалары электр энергиясын көп талап кылат.
Бизде ири заводдор дагы көп ачылат.
Бул муктаждыкты ушундай ГЭСтер, күн, шамал сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактары берет.
“Казарман ГЭСтер” каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп калмакчы.
“Ала-Буга”, “Кара-Булуң-1”, “Кара-Булуң-2” аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 мегаватт.
Бул ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 млрд киловатт сааттан ашат.
Инвестициянын көлөмү 3 миллиард АКШ долларына жакын каражатты түзөт.
Долбоор “Орта Азия Инвестмент Холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат.
Бүгүн пайдубалы түптөлүп жаткан “Казарман ГЭСтер” каскады долбоорун Кыргызстандын энергетикалык келечегин аныктаган стратегиялык долбоор катары карашыбыз керек.
Ал колдонууга берилгенде өлкөбүздүн энергетикалык дарамети дагы да жогорулап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундардын бакубат жашоосуна кызмат кылат.
Бүгүнкү салтанатка ушул долбоорду ишке ашыра турган – боордош Түркия Республикасынын салмактуу өкүлдөрү катышып жатат.
Эки элди кылымдарды карыткан орток тарых, тилдик жана маданий жакындык, руханий баалуулуктар, боордоштук бекем байланыштар бириктирип турат.
Түркия Республикасы – Кыргызстандын эң ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири.
Учурдан пайдаланып “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга инвестор катары келип жаткан Түркия мамлекетинин бардык өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирем.
Урматтуу мекендештер!
Энергетика тармагын өнүктүрүү – мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты.
Электр энергиясы жетишсиз болгон өлкөдө өнөр жай өнүкпөйт, жаңы ишканалар ачылбайт, инвестиция келбейт.
Биз өлкөнүн бардык аймактарында чакан жана орто гидроэлектр, күн жана шамал станцияларды куруп, ишке киргизип жатабыз.
Бир нече жыл мурда мүмкүн эместей сезилген “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча иш-аракеттер жигердүү жүрүүдө.
Учурда жолдор, инженердик жана өндүрүштүк инфратүзүмдөр курулуп жатат.
Кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон бул стратегиялык объект ишке берилгенден кийин Кыргызстан электр энергиясына болгон ички муктаждыгын толук камсыздап гана тим болбостон, экспорттук мүмкүнчүлүктөргө чыгат.
Ошондой эле жалпы республика боюнча акыркы жылдары 50гө жакын чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилди.
Азыркы учурда Сары-Таш, Капчыгай чакан гидроэлектр станцияларын, кубаттуулугу 145 МВт түзгөн Чаткал ГЭСтер каскадын куруу боюнча иштер жүрүүдө.
Бул долбоорлор бүткөрүлгөндөн кийин электр энергиясынын азыркы тартыштыгы жоюлбаса дагы, жоюу багытына түшөбүз.
Кечээ жакында эле Ысык-Көл районунда “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясы ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө ал 175 МВт берип атат. Долбоор толугу менен аяктаганда жалпы кубаттуулугу 1200 МВтка жеткен станция болот.
Мына ушинтип жалпысынан 50гө жакын чакан жана орто ГЭСти акыркы беш жылда куруп бердик. Дагы 50дөй ГЭС курулуп жатат. Андан сырткары күндөн, шамалдан электр энергия алуучу электр станцияларын куруп жатабыз. Электр станциясыз, электр жарыгысыз эч качан өнүгүү болбойт, анткени завод-фабрикалар, керек болсо социалдык объекттер дагы электр энергиясыз эч качан иштебейт.
Биз келген убакта, 2020-жылы 3 млрд электр энергиясын кыштын күнү импорт кылып алып келчүбүз, дефицитибиз 3 млрд болчу. Бүгүн 4 млрдга чыгып кетти. Ушунчалык ГЭСтерди куруп, күндөн, шамал станцияларын ишке берип жатканыбызга карабай, кайра ошентип жогорулап кетти. Анткени өзүңүздөр билесиздер, акыркы үч жылдан бери жылына жүздөгөн завод-фабрикаларды ишке киргизип жатабыз. Анан андан дагы беш эсе көп социалдык объекттер курулуп жатат. Ушулардын бардыгы электр энергиясын талап кылат. Ошондуктан биз дефицитти кубалап жете албай жатабыз.
Кудай буюрса, ушул ГЭСтин курулушун 2031-жылы бүтөбүз деп пландаштырып жатабыз. Бул ГЭС салынса, Токтогул, “Камбар-Ата-1” ГЭСи бүтсө, анда биз электр энергияны экспорттоочу, кошуна өлкөлөрдү электр энергия менен камсыз кылчу өлкөгө айланабыз.
Кудай буюрса, ошол максатыбызга жетели.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!”.


