Голливуд жылдызы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келет
Новость

Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин (Bai Ling) VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келерин билдирди.

Актриса кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл аралык маанидеги иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтып, Кыргызстанга келип, өлкөнүн маданияты, каада-салты жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Бай Лин - кытай тектүү, Голливудда жана эл аралык кинодолбоорлордо жараткан ролдору менен дүйнөгө таанылган актриса. Ал "Карга" (1994), "Кызыл бурч" (1997), "Анна жана король" (1999), "Такси 3" (2003), "Асман капитаны жана келечектеги дүйнө" (2004), "Адреналин 2: Жогорку чыңалуу" (2009) жана башка тасмалардагы ролдору менен кеңири белгилүү.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон көркөм тасмаларга жана теледолбоорлорго тартылып, дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү режиссёрлору жана актёрлору менен кызматташкан.

Бай Линдин Кыргызстанга келиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык маанидеги окуялардын бири болот. Иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчуларды, маданият жана искусство өкүлдөрүн, ошондой эле ардактуу конокторду бириктирет.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт. Оюндардын алкагында көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурасы, салттуу спорт түрлөрү, улуттук каада-салттары жана искусствосу кеңири таанытылат.