31-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтүп, борбор калаа чоң спорттук жана маданий майрамдын борборуна айланат.
Ачылыш аземинин музыкалык конокторунун бири катары дүйнөгө белгилүү ырчы, "The Pussycat Dolls" тобунун мурдагы солисти Николь Шерзингер катышат.
Иш-чара жаңы "Бишкек Аренада" өтөт. 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган аренада масштабдуу шоу уюштурулуп, спорт, музыка, жарык эффекттери жана чыгармачыл номерлер айкалышкан өзгөчө программа тартууланат.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, ачылыш аземи жылдын эң ири жана эсте каларлык окуяларынын бири болору күтүлүүдө.
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр. Грандиоздуу ачылыш аземине саналуу гана сааттар калды.