VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сыйлык медалдарынын дизайны сунушталды
Новость

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мелдеште жеңишке жеткен спортчуларга ыйгарылуучу алтын, күмүш жана коло медалдардын расмий дизайнын сунуштады.

Медалдардын дизайн-концепциясы көчмөн кыргыз элинин салттуу философиясына жана маданий мурастарына негизделген.

Ошондой эле медалдарда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эмблемасы чагылдырылган.

Мелдештин жеңүүчүлөрү дал ушул өзгөчө дизайндагы алтын, күмүш жана коло медалдар менен сыйланат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчуларды бириктирип, көчмөн элдердин маданиятын, салтын жана спорттук мурастарын дүйнөгө таанытууга багытталган.

Жеңиш үчүн күрөшкөн мыктылар үчүн бул медалдар спорттук жетишкендиктин гана эмес, дүйнөлүк көчмөн спортунун тарыхында калган маанилүү символго айланат.