Белгилүү Голливуд актёру, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон "Дракон" Уилсон (Don "The Dragon" Wilson) VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келерин билдирди.
Актёр кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда алдыда өтө турган эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келип, өлкөнүн маданияты жана каада-салттары менен таанышууну, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.
Дон "Дракон" Уилсон мушташ өнөрүнө арналган тасмалардагы ролдору менен дүйнөгө таанылган. Кино тармагындагы карьерасына чейин ал профессионалдык кикбоксингде чоң ийгиликтерге жетишип, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болгон.
Актёрго өзгөчө популярдуулукту "Кровавый кулак" тасмалар сериясы алып келген. Дон Уилсон аталган кинофраншизанын сегиз бөлүгүндө башкы ролдордун бирин жараткан.
Ал ошондой эле "Келечектен келген муш", "От шакеги", "Кара кур", "Кандуу жолду издөө", "Кызыл күндүн батышы", "Киборг-мергенчи", "Түн жамынган мерген", "Пайгамбар", "Чаяндар падышасы 4: Жоголгон так", "Манилдеги тиреш", "Бүт дүйнө биздин астыбызда", "Жалданмалар агенттиги", "Рио Браводо жоголгондор" жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Көп жылдык чыгармачылык жолунда Дон "Дракон" Уилсон ондогон кинодолбоорлорго тартылып, америкалык кинодогу мушташ өнөрү жанрынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанылган.
Голливуд актёру жана мушташ өнөрүнүн чеберинин Кыргызстанга келиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык маанидеги окуялардын бири болот. Оюндарга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн спортчулар, маданият жана искусство өкүлдөрү, белгилүү инсандар жана ардактуу коноктор катышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Эл аралык спорттук иш-чара көчмөн элдердин бай мурасын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытып, салттуу спорт түрлөрүн, маданиятты, искусствону жана улуттук каада-салттарды бир аянтчага бириктирет.