Кыргызстандык спортчу Кубаныч Аринов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Кубаныч Аринов грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак чен бирдигинде күч сынашып, эрктүүлүгүн жана жогорку чеберчилигин көрсөттү:
• 1/8 финалда Кыргызстандык балбан мелдешти ишенимдүү баштап, АКШ өкүлү Максвелл Хоппер Блэкти 64 секунддун ичинде 8:0 эсеби менен таза жеңди.
• Чейрек финалда Азербайжан балбаны Элмир Алиевге упай айырмасында (4:7) утулуп калды. Азербайжандык спортчу финалга чыккандыгына байланыштуу, мекендешибиз көңүл жубатуучу беттеште күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды.
• Көңүл жубатуучу беттеште Польшанын өкүлү Оливье Томаш Скшипчакты 9:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңди.
• Коло медаль үчүн кармашта Өзбекстандык Мехрож Бахрамовду 1 мүнөт 51 секундасында далысын жерге тийгизип (туше), жеңишке жетти.