Хива шаарында Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026 форумунун алкагында маданий иш-чаралар өттү
Новость

2026-жылдын 13-октябрында Өзбекстан Республикасынын Хива шаарында "Хива – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026" форумунун экинчи күнү маданий иш-чараларга арналды.

Анда катышуучу өлкөлөрдүн жаштар делегациялары Хива шаарыны тарыхый жана маданий мурастары менен таанышып, байыркы Ичан Кала чебине экскурсия жасашты.

Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар шаардын тарыхы, архитектуралык эстеликтери жана өзбек элинин улуттук маданияты тууралуу маалымат алышты. Ичан Кала - Хиванын шаарынын байыркы тарыхын жана Чыгыш архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган маанилүү тарыхый-маданий жайлардын бири.

Маданий программа түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, тажрыйба алмашууга, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана катышуучу өлкөлөрдүн тарыхы менен маданиятына болгон кызыгууну арттырууга багытталды.

"Хива – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026" демилгеси жаштардын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү менен бирге, түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхый жана маданий мурастарын таанытууга да өбөлгө түзөт.