Кыргызстандын U19 бокс боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына учуп кетти
Новость

Кыргыз Республикасынын 19 жашка чейинкилер арасындагы (U19) бокс боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Черногориянын Будва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынан билдиришти.

Ата мекендик мушкерлер эл аралык ири мелдеште өлкө намысын коргоп, байгелүү орундар үчүн күч сынашат. Спорттук мекемелер жана улуттук курама команданын өкүлдөрү бардык мекендештерди жаш спортчуларды колдоого чакырууда.