Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын 36 миңден ашыгы балдар
Новость

Учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын ичинде 36 миңден ашуун бала бар. Алардын үлүшү өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында эң чоң топту II топтогу майыптыгы бар адамдар түзөт - 29 882 адам. Ошондой эле I топтогу майыптыгы бар 8 631 адам жана III топтогу майыптыгы бар 15 406 адам жөлөкпул алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөргөн 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия иш алып барат.

Мекемеден белгилешкендей, медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири бойдон калууда.