Даун синдрому бар балдарга майыптык 18 жашка чейин кайрадан күбөлөндүрүүсүз белгиленет
Новость

Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизадан (МСЭК) биринчи жолу өткөн Даун синдрому бар балдарга майыптык категориясы 18 жашка толгонго чейин кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү көрсөтүлбөстөн белгиленет.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.
Өзгөртүүлөр аутизм спектринин бузулуулары бар балдарга да тиешелүү болду.
Аутизм спектринин жеңил даражасында майыптык беш жылдык мөөнөткө белгиленет. Ал эми оор даражасында биринчи жолу күбөлөндүрүүдөн өткөндө майыптык категориясы 18 жашка чейин кайрадан күбөлөндүрүүсүз белгиленет.
18 жашка толгондон кийин мындай жарандарга тиешелүү майыптык тобу мөөнөтсүз белгиленет.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, балдардын айрым категориялары үчүн кайрадан күбөлөндүрүүдөн өтүү тартиби МСЭК системасын реформалоонун алкагында кайра каралып чыккан.