2026-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жамаатына жаңы дайындалган директор Нурлан Конокбаевди тааныштырышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2026-жылдын 13-октябрындагы тескемесине ылайык, Нурлан Майрамбекович Конокбаев Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалган.
Жаңы жетекчини тааныштыруу учурунда министр Мирбек Мамбеталиев цирк искусствосун өнүктүрүүнүн, чыгармачыл жамааттын ишмердүүлүгүн колдоонун жана көрүүчүлөргө сунушталуучу программалардын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалап, мекеменин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурууга чакырды.
Нурлан Конокбаев 1985-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
1996–2003-жылдары Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында билим алган. 2009-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын «режиссёр-хореограф» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2001-жылы «Ак-Марал» кыргыз элдик бий ансамблинде баштаган.
2003–2004-жылдары Казакстан Республикасынын Мамлекеттик академиялык бий театрында, 2004–2006-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген.
2006–2018-жылдары Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында балеттин жетектөөчү солисти болгон. Ошондой эле 2008–2011-жылдары Казакстандын «Салтанат» мамлекеттик бий ансамблинде чакырылган жетектөөчү артист катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.
2012-жылы Konokbaev Group компаниясын негиздеп, эл аралык гастролдорду, балет спектаклдерин, фестивалдарды жана гала-концерттерди уюштуруу менен алектенген.
2019-жылы АКШда AlanBars Group LLC компаниясын негиздеп, эл аралык маданий долбоорлорду ишке ашыруу багытында иш алып барган.
2024-жылдын декабрынан тартып Алматы шаарындагы Almaty Theatre театрынын директору болуп иштеген.
Нурлан Конокбаев эл аралык балет сынактарынын бир нече жолку лауреаты. Сеул, Астана, Пермь, Сочи жана Донецк шаарларында өткөн эл аралык сынактарда алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болгон.
2010-жылы Кыргызстанда балет искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын алтын диплому менен сыйланган.
Мындан тышкары, дүйнөгө белгилүү балет жамааттарынын гастролдорун уюштурууга, эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого жана жаш таланттарды колдоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырган.

