Президент Садыр Жапаров Баку конгресс-борборуна саммитке катышууга келди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди.

Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.