Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат
Новость

Ош шаарын айланып өтө турган жол курулат. Бул тууралуу 4-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка караганда жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү багытында маанилүү кадам жасалып, түштүк айланма жолун куруу долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» жол куруучу компаниянын директору катышты.

 "Бул ири долбоордун алкагында жалпы узундугу 32 чакырымды түзгөн заманбап автомобиль жолун, транспорттук жол түйүндөрүн, көпүрөлөрдү жана башка инженердик курулмаларды куруу пландалууда. Түштүк айланма жолунун курулушу ишке ашырылган учурда шаардын борбордук көчөлөрүндөгү транзиттик унаалардын агымын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.