Манас шаарынын Дөмөр айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 166 миллион сомду түздү.
Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынып, аткарылган иштердин сапаты жана курулуш ченемдеринин сакталышы текшерилди.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 2 980 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Имаратта заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан.
Мектептин курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.