Президент Садыр Жапаров Азербайжандагы мамлекет башчыларынын саммитинде сөз сүйлөдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Баку шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын жетинчи саммитинде сөз сүйлөдү.


Саммиттин темасы: “Кыйла күчтүү АӨИЧК: Азиядагы өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш”.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Азия аймагы динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. БУУнун болжолуна ылайык, 2026-жылы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн 59 пайызы Азияга туура келет.

Ал Кыргызстан бардык катышуучу мамлекеттер менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.

“Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып, жаңжалдын мындан ары кеңейишине жол берилбеши керек деп эсептейбиз.

Афганистан Азиядагы жалпы коопсуздук жана кызматташтык мейкиндигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өлкөдө туруктуу абалга жетишүү обочолонтуу жана кысым көрсөтүү аркылуу эмес, ырааттуу диалог, экономиканы калыбына келтирүү жана эл аралык коомчулуктун макулдашылган аракеттери аркылуу ишке ашат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана Кыргызстан боордош Палестина менен мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалады.