Садыр Жапаров Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет менен жолугушту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Бакуда өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинин алкагында Камбоджа Падышалыгынын Премьер-министри Хун Манет менен жолугушту.

Тараптар эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө, каржы-банк чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мамлекет башчысы кыргыз-камбоджа мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстан өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Бул контекстте Президент Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Камбоджа ишкерлерин Кыргызстандын келечектүү инвестициялык демилгелерине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет эки тараптуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты, биринчи кезекте, соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Тараптар ошондой эле БУУ жана АӨИЧК баш болгон эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров Камбоджа тарапты 2027-жылдын 21-23-октябрында БУУ менен биргеликте Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-камбоджа мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.