Президент Арменияга расмий сапар менен барды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Армения Республикасына расмий сапар менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ереван шаарындагы “Звартноц” эл аралык аэропортуна конду.

Президентти учактын тепкичинен Армениянын Вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун аймагына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинген.

Расмий сапар Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.