Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.
Иш-чара өтө турган жерге келгенде, Мамлекет башчысын Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.
Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.




