Нарын облусунда аба ырайына байланыштуу бир катар ашуулар жана унаа жолу убактылуу жабылды
Новость

Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында эки ашууда жана бир автомобиль жолунун тилкесинде унаа каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жабылган жолдор:

- Казарман – Жалал-Абад автомобиль жолунун 0–52-чакырым аралыгы, Тогуз-Торо районундагы «Сары-Кыр» ашуусу;
- Нарын-Орук-Там унаа жолунун Эки Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан, Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолу. 
- Ат-Башы – Кында – Торугарт автомобиль жолунун 0–225-чакырым аралыгы, Ат-Башы районундагы «Кында» ашуусу.
Аталган жол тилкелеринде аба ырайынын жана жол шарттарынын начарлашына байланыштуу унаа каражаттарынын коопсуз жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, кыймылга убактылуу чектөө киргизилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн жол тилкелерин жана ашууларды жаз айларында аба ырайынын шарттарына жана жолдун абалына жараша ачуу пландалууда. Жарандардан жана айдоочулардан кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, убактылуу жабылган жол тилкелерине чыкпоону жана жол кыймылынын коопсуздук талаптарын так сактоону суранабыз.