11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин экинчи конференциясы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, "Борбордук Азия – Кытай" форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун, Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаардык жана айыл-чарба курулуш министри Ни Хун, Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Юсуфи Мирзозода, Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министри Абдулла Гелдиев жана Өзбекстан Республикасынын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өз сөзүндө 2025-жылы Пекинде өткөн биринчи конференцияда кабыл алынган демилгелердин аткарылышына токтолуп, эми кызматташтыкты конкреттүү долбоорлор менен бекемдөө маанилүү экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында Үрүмчү шаарында Кыргызстандын 30дан ашык курулуш компаниясынын өкүлдөрү кытайлык өндүрүүчүлөр менен жолугуп, курулуш материалдарын жана жабдууларды жеткирүү маселелерин талкуулашкан. Ал эми 2026-жылдын май айында Кыргызстан менен Кытай сейсмотуруктуу курулуш, илимий-техникалык кызматташтык жана заманбап инженердик чечимдерди киргизүү боюнча меморандумга кол коюшкан.
Мындан тышкары, Кыргызстан Өзбекстан менен курулуш тармагын санариптештирүү, Казакстан менен сейсмотуруктуу курулуш стандарттарын шайкеш келтирүү, Тажикстан менен сейсмикалык коопсуздук жана энергия натыйжалуулугу боюнча кызматташып келет.
Конференцияда курулуш тармагындагы бир катар стратегиялык маселелер каралууда. Алардын катарында жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруу, сапаттуу жана жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо, курулуш материалдарын өндүрүү, инвестиция тартуу, санариптик технологияларды киргизүү жана адистерди даярдоо бар.
Жыйындын алкагында буга чейинки келишимдердин аткарылышы талданып, 2027–2028-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын кабыл алуу жана тараптардын сунушу талкууланат.
Эске салсак, “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин биринчи конференциясы 2025-жылы Пекин шаарында өткөн. Анын жыйынтыгында курулуш тармагындагы ар тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган Пекин демилгеси кабыл алынып, экинчи конференцияны өткөрүү Кыргызстанга тапшырылган.




