Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда абал туруктуу
Новость

Нарын облусунун аймактарындагы унаа жолдордо абал туруктуу. Бул тууралуу ӨКМнын Нарын облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда абал туруктуу. Жол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда. Айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.