Зардалыга баруучу жол жакшыртылууда
Новость

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына баруучу Таян – Зардалы автожолунун 6,4 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой буга чейинки тар жана кооптуу болгон жолдун туурасы 10 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле унаалардын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында тоо боорлорун жардыруу аркылуу жолду кеңейтүү иштери аткарылды. Учурда кооптуу тилкелерге темир-бетон тосмолор орнотулууда. Зардалы айылы тоолуу аймакта жайгашкандыктан, жол куруу иштери татаал шарттарда жүргүзүлүүдө. Ага карабастан, жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу транспорттук байланышты камсыз кылуу максатында иштер кезек-кезеги менен улантылууда.

"Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкөнүн алыскы аймактарындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта Зардалы айылына баруучу автожолдун калган тилкелерин жакшыртуу иштери да белгиленген тартипте улантылат", - деп айтылат маалыматта.