Нарын районундагы “Ак-Ниет” бетон чыгаруучу заводу Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата расмий ачылганы турат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров аралыктан катышат.
Завод ушул жылдын май айында иштей баштаган. Андан бери Нарын шаарындагы ири курулуштарды бетон менен камсыздоодо. Завод бир күндө 350 кубдан ашуун бетон өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анда айына 10 миң кубдан ашык бетон даярдалат.
Заводдун ишке кириши менен 13 жумуш орду түзүлүп, жергиликтүүлөр иш менен камсыз болгон. Заводдо өндүрүшкө чейинки чийки зат дагы даярдалат. Андыктан мында таш майдалоочу завод дагы иштеп жатат.