Президент Садыр Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Мамлекет башчысына Жети-Өгүз районунун экономикалык өнүгүүсүндөгү оң динамика тууралуу маалымат берилди. Алсак, “Кумтөр”ишканасын кошкондо өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 71,1 млрд сомдон 2025-жылы 128,5 млрд сомго чейин көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча мындан аркы өсүш күтүлүүдө, ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү 21,4 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда.

Муну менен катар райондо калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жолдор оңдолуп, асфальтталууда, 81 көпүрө курулган. 13 айылда жалпы суммасы 981 млн сомду түзгөн ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылган.

Ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылып жатат. Алардын катарында Ара-Бел каналын, Кызыл-Суу айылындагы тазалоочу курулмаларды, чакан гидроэлектр станцияларын куруу, ошондой эле туристтик объектилерди өнүктүрүү бар. Келечектүү долбоорлордун катарында заманбап туристтик жана коомдук инфраструктураны түзүү каралган

“Сүттүү-Булак” тоо лыжа базасы жана Тосор айылын комплекстүү өнүктүрүү долбоору бар.

Тоң районунда да өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү байкалууда: 2021-2026-жылдары анын көлөмү 5,1 эсеге көбөйүп, 691,1 млн сомго жеткен. Бул мезгилде 15 ири жана чакан ишкана ачылып, 101 жумуш орду түзүлгөн.

Райондо туризм тармагынын өнүгүшүндө да оң динамика байкалууда. 2021-жылга салыштырмалуу туристтердин саны 14 эсеге көбөйүп, 2026-жылы 73 018 адамга жеткен. Салыштыруу үчүн, 2021-жылы аймакка 5 200 турист келген.

Ошол эле учурда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда жалпысынан 41 объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңди түзөт.

Туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык төлөмдөрдүн көлөмүнүн өсүшү да белгиленди. Эгерде 2021-жылы алардын көлөмү 2,1 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 9,3 млн сомго жеткен. 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 18,1 млн сомду түзүп, жылдык болжол 19 млн сомду түзөт.

Агрардык тармакты өнүктүрүүнүн алкагында бир үрөнчүлүк жана беш асыл тукум чарба ачылган.

Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автомобиль жолун реконструкциялоо иштеринен тышкары, райондо республикалык бюджеттин эсебинен 60 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.

Аткарылган иштердин жалпы наркы 516 млн сомду түздү.