Ат-Башыда 26 кг алтындын кору бар “Шах тал” алтын кени ишке кирди
Новость

Ат-Башы районунда “Шах тал” алтын өндүрүүчү ишкана ачылат. Райондун Балык-Суу участогунда ишке бериле турган ишкананын ачылышы Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата ишке берилип, ачылышына өлкө башчысы Садыр Жапаров аралыктан катышат. 

Быйыл ишкана өлкө казынасына 70 миллион сом каражат чегерүүнү мерчемдөөдө. Июнь айында ишин баштаган ишканада 40 тан ашык жумушчу орун түзүлүп, иш алып барууда. 

Изилдөөгө ылайык, аталган аймакта 26 кг алтындын кору бар экени аныкталган .

Жергиликтүүлөр ишкананын ишке берилиши менен ошол аймактын инфратүзүмү жакшырып, элеттиктер үчүн ишканалардын көп болушу пайдалуу экенин белгилешти.