Аламүдүндө “Элет Ала-Тоо” ишканасы ишке кирди
Новость

Чүй облусунун Аламүдүн районунунда ачылып жаткан “Элет Ала-Тоо ” ишканасы эгемендүүлүк күнүнө карата ачылды. Курулуш жумуштары жана жабдууларды коюу иштери аяктап, азыркы учурда сыноо режиминде иштеп жатат. Өндүрүштүн суткалык кубаттуулугу азыр 70-80 миң болсо, кийинки жылдардан 150 миңге чейин жетмекчи.  

Жалпы инвестициянын көлөмү 2 млн. АКШ долларын түзөт.   

Ушул тапта заводго 60 адам жумушка тартылса, анын 70пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. 30 пайызы чет элдик адистерден туруп, тажрыйба алмашууга жана өндүрүштүн сапатын камсыздоого өбөлгө түзөт.

Заводдон чыккан кирпичтер азырынча ички рынокто, кийинчерээк тышкы рынокто да сатуу көзөмөлдөнүүдө