Президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа районундагы коомдук-маданий борбордун курулушу менен таанышты
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы коомдук-маданий борбордун курулушу менен таанышты. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нуртан Орунтаев мамлекет башчысына курулуш үчүн муниципалдык менчикте турган 0,45 га жер тилкеси бөлүнгөнүн айтып берди. Имарат 3 кабаттан турат. Анда кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал жана башка бөлмөлөр жайгашат. 

Каржылоо Кыргыз Республикасынын Стабилдештирүү фондунан жүргүзүлөт жана 172,0 млн сом каралган. 

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровго калкынын саны 100 миңге жеткен Кара-Кулжа районун өнүктүрүү пландары тууралуу презентация көрсөтүлдү.