Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата өтүп жаткан Көк бөрү оюндары уланууда.
Күндүн биринчи оюну “Биримдик” жана “Жаш-Тилек” командаларынын ортосунда болду.
Биринчи таймда командалар 0:0 эсебинде чыгышты, ал эми оюндун экинчи беттеши 2:0 эсебинде “Биримдик” командасынын пайдасына жыйынтыкталды, беттештин соңунда “Биримдик” “Жаш-Тилек” командасын 4:1 эсеп менен жеңди.