Көк бөрү: “Достук” “Ынтымакты ” жеңип, көптөн күткөн чемпиондук кубокко ээ болду
Новость

Көк бөрү: “Достук” “Ынтымакты ” жеңип 1-орунга ээ болду.


Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктоочу  күнүндө.


Жогорку лиганын финалында “Достук” менен “Ынтымак” командалары 1-орун үчүн беттешти.

 
Биринчи тайм 2:1 эсебинде “Ынтымак”  командасынын пайдасында жыйынтыкталса, экинчи тайм 2:2 эсебинде тең чыгуу орун алды . Жыйынтыктоочу үчүнчү таймда күтүлбөгөн жагдайлар орун алып, 4:4 эсебинде тең чыгышты.
Кошумча кошуп берилген убакытда  алтын упайды Кубаныч Султан уулу салып, өз командасына чемпиондук наамды алып берди.

Жалпы оюндун жыйынтыгында  “Достук” 5:4 эсебинде жеңишке жетти.

 
 Финалда мыкты оюн көргөзгөн “Достук” командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулу Ынтымактын тай казанына  4 салым салып, турнирдин мыкты оюнчусу наамын алды.