Футбол: Кыргызстан жаштар курамасы Шри-Ланка курамасын жеңип, Азия кубогуна чыкты
Новость

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн чечүүчү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча (U-23) жаштар курама командасы Шри-Ланка менен ойноп, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.

Голдорду Марлен Мурзахматов (2), Кими Мерк, Християн Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев киргизди.

Бул жыйынтык менен курама 7 упай топтоп, «E» тайпасында 1-орунду камсыз кылып, 2026-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алды.

Белгилей кетсек, бул жаш курактагы биздин курама тарыхта алгач ирет континенталдык биринчиликке чыгып жатат.

Азия Кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 7–25-январь аралыгында Сауд Арабияда өтөт.