Бүгүн Ош облусунун Алай районунун борбору - Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн өмүрүн арнаган мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө.
Бул мааракенин алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык айтыш өтүүдө. Байге фонду – 600 миң сом. Баш байгеге Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир коюлган.