Ош облусунун Алай районунун борбору - Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн күрөшкөн мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө.
Бул мааракеге арналган салтанатка өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышып, сөз сүйлөдү.
- Алымбек датка атабыздын өмүр жолу баарыбыз үчүн чоң өрнөк. Эгемен Кыргызстандын ар бир жараны, айрыкча элге кызмат кылууга бел байлаган мамлекеттик кызматкерлер Алымбек датканын ар тараптуу ишмердүүлүгүн үлгү тутушубуз абзел. Датка атабыздын ата-бабалар калтырган мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп, алысты көрө билген көсөмдүгүн, эли-жеринин биримдиги менен бүтүндүгү үчүн кара башын сайып койгон мекенчилдигин, кара кылды как жарган калыстыгын, кыйын кезеңдерде тайманбаган баатырдыгын, камкордугун, кайрымдуулугун жана адилеттигин бүгүнкү кыргыз жарандарынын аң-сезимине кыргыз наркын улай турган улуу сабак катары сиңирүү - биздин башкы милдетибиз болушу керек, - деди Садыр Жапаров.
Мааракеге арналган салтанат кыргыз өнөрпоздорунун гала-концерти менен коштолду.