2025-жылдын 6-ноябрында Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун конференциясынын 43-сессиясынын алкагында 194 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан ири жыйындын аянтчасында, Кыргызстан расмий кабыл алуу өткөрүп, 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турчу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев дүйнө коомчулугун бул иш-чарага катышууга чакырып, көчмөндөр оюндарын спорт, маданият, илим жана салттардын биримдигин чагылдырган уникалдуу аянтча экенин белгиледи.
Министр өз сөзүндө 6-ноябрда ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү тарабынан бир добуштан кабыл алынган 22-сентябрды "Эл аралык көчмөн мурастары күнү" деп жарыялоо боюнча резолюцияны белгиледи. Резолюция көчмөн салттардын маданий, тарыхый жана социалдык маанисин, ошондой эле алардын маданий ар түрдүүлүккө жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын дүйнөлүк деңгээлде таанууга көмөктөшүүгө багытталган.
2026-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болот — өлкө Чыңгыз Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилейт. Форум элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана руханий баалуулуктарды даңазалаган аянтча болуп саналат.
Белгилеп кетсек, кабыл алуу жана тааныштыруу иш-чарасына эл аралык деңгээлдеги жогорку даражалуу коноктор, ошол менен бирге ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле жана ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү (уюмдагы элчилер) да катышышты.
ЮНЕСКОнун 43-сессиясы 2025-жылдын 30-октябрынан 13-ноябрына чейин Самарканд шаарында өтүүдө.

