Бүгүн, 6-январда Сауд Арабиянын Жидда шаарында Азия Кубогунун U-23 финалдык баскычы старт алып, анда Кыргызстандын курама командасы мелдештин кожоюндары - Сауд Арабия командасына каршы кез келди. Оюн Жидда шаарынын Абдулла Аль-Файсал атындагы стадионунда орун алды.
Азия Кубогунун бул беттеши Кыргызстандын курама командасы үчүн тарыхый жана дебюттук болуп саналды.
Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабия менен бирге жайгашкан.
Бүгүнкү беттеште кызуу атаандаштык орун алып, калыстын чечими менен беттештин 34' минутасында Арсен Шершенбеков кызыл айып кагазын алып калды. Ошентип, курамабыз азчылыкта өз оюнун улантты. Оюндун бининчи бөлүгү голсуз тең чыгуу менен аяктады (0-0). Ал эми, беттештин 77' минутасында курамабыздын дарбазысына башкы калыс пенальти дайындап, Курманбек Нурланбеков дарбазаны голдон сактап калды. Тилекке каршы, оюндун негизги бөлүгүнүн аягында - 88' минутада атаандаштын чабуулу ийгиликтүү болуп, оюндун эсеп сан ачылды (1-0). Кыргызстандын курама командасынын кийинки бир нече аракеттерине карабастан, беттештин эсеп саны өзгөрүүсүз калып, оюн Сауд Арабиянын 1-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Курама командабыздын кийинки беттеши 9-январда Вьетнамга каршы өтөт.